Европанын футбол ассоциациялар биримдиги (УЕФА) «Манчестер Сити» футбол клубун эки жылга Европа кубогунун оюндарынан четтетип, 30 миллион евро айыпка жыкты.
УЕФАнын 15-февралдагы маалыматына ылайык, «Манчестер Сити» 2012-2016-жылдары демөөрчүлөрдөн алган кирешени ашыкча көрсөтүп, лицензиялоо жана каржылоо боюнча фэйр-плэй эрежелерин олуттуу бузган.
Британиядагы эң белгилүү клубдардын бири «Манчестер Сити» Англияда алты жолу чемпион болгон.