Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Кумтөрдө экскаватордун айдоочусу сууга чөккөнү кабарланды


Кумтөр кени жайгашкан аймак.
Кумтөр кени жайгашкан аймак.

Кумтөр алтын кенинде экскаватордун 54 жаштагы айдоочусу Петров көлүнө чөгүп кеткени кабарланды. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал экскаватор менен кошо сууга түшүп кеткен.

Кырсык 15-февралда кечке жуук болгон. Куткаруучулар ал күнү айдоочуну таба алышкан эмес.

Кумтөрдүн басма сөз кызматы фактыны тастыктап, кошумча маалымат издөө-куткаруу иштеринин жыйынтыгы менен берилерин айтты.

2019-жылдын 1-декабрында Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө Кумтөр кенинде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Аларды издөө иштери 9-январда токтотулган. (SE)

XS
SM
MD
LG