"Азаттыктын" орус кызматы жергиликтүү булактарга таянып билдиргендей, 16-февралда Москвада православдардын храмында белгисиз киши адамдарга бычак менен кол салды.
Андан эки киши жабыркап, ооруканага жеткирилди. РенТВ кабарлагандай, кол салган кишини адамдар кармап, полицияга өткөрүп берген. Ал Липецк облусунун 26 жаштагы тургуну экени айтылууда. Кол салуунун чоо-жайы маалымдала элек.
Окуя Бакунинск көчөсүндөгү храмда болду.