Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:02

Зеленский: октябрда Донецк менен Луганск аймагында шайлоо өтөт


Владимир Зеленский, 15-февраль, 2020-жыл, Германия, Мүнхен.
Владимир Зеленский, 15-февраль, 2020-жыл, Германия, Мүнхен.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн чыгышындагы чыңалып турган абалга карабастан 2020-жылдын октябында өлкөдө, анын ичинде Донецк жана Луганск аймактарында жергиликтүү шайлоо өтөрүн айтты.

15-февралда ал Мүнхенде коопсуздук конференциясында сүйлөгөн сөзүндө батыш мамлекеттерин Киевди Орусия колдогон жикчилдерге каршы күрөштө колдоого чакырды.

- Билем, Украинадагы уруш - Европадагы уруш. Крымды аннексиялоо менен башталган уруш Экинчи Дүйнөлүк согуш канчага созулса, ошончо убакыттан бери токтобой келатат. Элестеткиле! Бүгүнкү күндө каалообуз - Украинанын аймагында, анын ичинде Донецк жана Луганск аймактарында октябрь айында жергиликтүү шайлоо өткөрүү. Крымда да аны ишке ашыруу ниетибиз бар,- деди Зеленский.

Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүн тиреши 2014-жылдан бери уланып келатат. Жикчилдер Донецк жана Луганск аймактарын өзүнчө элдик республика деп жарыялап алышкан.

XS
SM
MD
LG