15-февралда Ат-Башы районунда болгон митингде жергиликтүү тургундар логистикалык борбордун курулушун кытайлык компаниялар жүргүзүшүнө каршы чыгышты.
Иш-чарада чыгып сүйлөгөндөр «логистикалык борбор курулары айтылгандан бери бир жылдан ашуун убакыт өтсө да, өкмөт расмий документ көрсөтө албады» деп нааразы болуп, «жер Кытайга ижарага берилди» деген маалыматтардын чын-төгүнүн ачык айтууну бийликтен талап кылышты.
Аягында резолюция кабыл алынды. Анда логистикалык борбордун курулушун токтотуп, 200 гектар жерди айыл өкмөттүн балансына кайтарып берүү жөнүндө талап коюлду.
Митингге өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов менен райондун акими Жакыпбек Субакожоев да катышты. Алымкулов жыйындын аягында кабыл алынган резолюцияны өкмөткө тапшыруу милдетин мойнуна алды. Ал жергиликтүү элди жана жаштарды борбордун курулушун саясий кызыкчылык үчүн пайдалангысы келген күчтөргө курал болбоого чакырды. (ZKo/MiK)