Сурхандарыя облусунун Алтынсай районунда үйлөрү сүрдүрүлөрү тууралуу эскертип келген милиция кызматкерлерине жергиликтүү эл кетмен, күрөктөрү менен каршы чыкты. Кагылышууда эки милиционер жана жергиликтүү бир тургун жаракат алган.
Күбөлөрдүн айтымында 14-февраль күнү Халкабад маалесине райондук акимчиликтин, прокуратуранын жана милициянын өкүлдөрүнөн турган топ келип, алардын үйлөрү сүрдүрүлө турганын маалымдаган. Бул жаңылык элди дүрбөлөңгө салып, тараптардын ортосунда чатак чыккан. Соцтармактарга тараган видео тасмаларда адамдарга милиция күч колдонгону айтылган жерлери бар.
«Алар адамдарды иттей уруп, сүйрөп жатышат. Мына караңыз, булар күнөөсүз карыяны сабап жатышат» деген адамдын үнүн кадр сыртынан угууга болот.
Ал эми Сурхандарыя облустук ички иштер башкармалыгы тескерисинче Халкабад маалесинин тургундары милиция аларды тынчтандырууга аракет кылган учурда каршылык көрсөтүшкөнүн маалымдады. Маалыматта «кээ бир адамдар милиционерлерге таяк, балта жана күрөк менен кол салышты» деп айтылат. Анда ошондой эле чатак түштөн кийин саат 16:00 чамасында, милициянын атайын отряды келгенден кийин гана басылганы кабарланган.
Кагылыштан кийин кеминде алты жергиликтүү тургун камакка алынган.
16-февралда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул жаңжал тууралуу маалымат таратып, ал үчүн «мыйзамсыз курулган үй ээлерин» айыптады. «Халкабад маалесинин алты тургуну 39 сотых айдоо жерин өзүм билемдик менен басып алып, ал жерге үй курушкан» деп жазылган билдирүүдө, мыйзамсыз курулуштарды бузуш үчүн ээлерине эки күн уруксат берилгени айтылган.
Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, Алтынсай районундагы чатактан улам райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Шерзод Мустофокулов менен Абдимумин Жабборов жаракат алган. Ал эми жабыркаган тургун жана камалган алты киши тууралуу сөз жок.