Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

БШК: Жергиликтүү кеңештерге 340 479 шайлоочу добуш бере алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 16-февралда тараткан маалыматта айтылгандай, 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге добуш берүүчү шайлоочулардын баштапкы тизмеси түзүлүп бүттү. Ага 340 479 шайлоочу катыша алат. Бул жалпы шайлоочулардын 10% түзөт. Боршайкомдун маалыматына караганда, 12-апрелде добуш берүүгө шайлоо укугу бар, катталган жерине жараша жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар катыша алат.

БШК баса белгилегендей, катталган жерин өзгөрткөн жарандардын паспортуна атайын белги коюлушу зарыл. Андай белгиси жок шайлоочулар добуш берүүгө киргизилбейт.

22-февралдан тартып шайлоочулардын тизмеси тиешелүү шайлоо участокторунда илинет. Добуш берүүчүлөр 27-мартка чейин ошол жерден өздөрүнүн аты-жөнүн тактаса болот. Же онлайн түрүндө www.tizme.gov.kg сайтынан, ошондой эле 119 номуруна түз чалып, тактай алышат.

Мамкаттоо кызматынын маалыматы боюнча, 14-февралга чейин Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турган.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 12-апрелде өтөт.

Мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатат деген тынчсыздануулар айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG