Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Коронавирус: «Diamond Princess» лайнеринен 400 АКШ жараны эвакуацияланды


Иокогама портунда токтоп турган «Даймон принц» лайнеринин жүргүнчүлөрү. Февраль, 2020-жыл.
Иокогама портунда токтоп турган «Даймон принц» лайнеринин жүргүнчүлөрү. Февраль, 2020-жыл.

Эвакуация 16-февралда Иокогама портунда жүргүзүлдү. Алар буга чейин «Diamond Princess» круиз лайнеринде коронавирус жугузган болушу ыктымал деген шек менен кармалып турушкан.

Эвакуацияланган адамдар атайын жабдылган автобустар менен аэропортко жеткирилип, АКШга кетч учакка түшөт. Алар өз мекенинде дагы бир карантинге түшүп, америкалык дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууга аргасыз болушат.

Эвакуация лайнердин бортунда ооруга чалдыккандар көбөйүп жаткан учурга туш келди. Кемеде үч миңден ашуун киши кала берүүдө. Алардын миңден ашууну моряктар менен кызматкерлер.

Кытайдын өзүндө вирустан 1 700дөн ашуун адам көз жумду. Он миңден ашууну айыгып чыкканы кабарланды. Ооруну 70,5 миң киши жугузуп алган.

Кытайдан тышкары 25 мамлекетте ооруну жугузгандар аныкталды. Түштүк Кореяда ага чалдыккандардын саны 30 адамдан ашты.

XS
SM
MD
LG