Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Кой-Таш окуясы: жактоочу «тергөөнүн маалыматтарын жарыялады» деп шек саналууда


Кой-Таш. 2019-жылдын август айы.
Кой-Таш. 2019-жылдын август айы.

Кой-Таш окуяларына байланыштуу шек саналып жаткан үч адамдын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарып жиберген деп шек саналып жатат. Бул боюнча ишти Ички иштер министрлиги Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаганын адвокат өзү билдирди.

Анын сөзү боюнча, 3-февралда 24.kg сайтына «Кой-Таш окуясы: Дагы эки шектүү тергөө менен кызматташууга барды» деген маалымат чыккан. Анда Бакытбек Автандил уулу тергөө менен кызматташууга макул болгондордун биринин атын айткан. Бирок Автандил уулу бул тергөөнүн ишине зыянын тийгизбегенин билдирди.

«Тергөө 10-январда аяктаган. Ал эми бул маалымат 3-февралда чыккан. Ошондуктан мен тергөөнүн ишине тоскоолдук кыла турган маалыматты жарыяладым деп эсептебейм», - деди жактоочу.

Ал ишти кыскартууну өтүнүп арыз жазганын кошумчалады. Бакытбек Автандил уулу - Кой-Таш окуяларына байланыштуу шек саналып жаткан Канат Сагынбаевдин, Канат Осмоналиевдин жана Кундуз Жолдубаеванын адвокаты.

Былтыр 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Бул иштин алкагында Алмазбек Атамбаев жана анын бир нече тарапкери камакка алынган. Алардын арасында президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков жана Мээрбек Мискенбаев бар. Ал эми парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагына чыгарылган.

Кой-Таш окуялары боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө быйыл 10-январда аяктады. (BTo)

XS
SM
MD
LG