Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Блогер Элмир Сыдыманов камакка алынды


Элмир Сыдыманов.
Элмир Сыдыманов.

Блогер Элмир Сыдыманов улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу боюнча шектүү катары кармалып, 48 саатка убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка караганда, ал 17-февралда кармалган. Бул факт боюнча Октябрь райондук милициясы сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат.

Элмир Сыдыманов «Инстаграм» баракчасында Сыдыман деген ат менен белгилүү. Ал буга чейин өзүнүн баракчасында түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG