Азия футбол конфедерациясынын кубогунун оюндарынын алкагында «Нефтчи» командасы 19-февралда тажикстандык «Хужанд» футбол командасы менен мелдешке чыгат. Футболдук таймаш Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда өтөрүн мэриянын маалымат борбору билдирет. Оюнга карата стадион толугу менен даярдалган.
5-февралда Түркмөнстандын «Ахал» командасы «Нефтчи» менен болгон мелдешке Кытайда чыккан коронавирус коркунучуна байланыштуу келбей койгон. АФК аталган клубду турнирден четтетип, «Нефтчи» автоматтык түрдө плей-оффко чыккан.
Кочкор-Атанын «Нефтчи» командасы былтыр Кыргызстандын футбол боюнча кубогун утуп алган. (RsK)