«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 18-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;
Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Нарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6;
Бийик тоолуу райондордо -19…-24, күндүз -8…-13 градус болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 0…2° болот.