Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Баткенде мыйзамсыз ташылып келген кийим жана ноутбуктар алынды


«Баткен» бажысынын кызматкерлери кармаган товарлар.
«Баткен» бажысынын кызматкерлери кармаган товарлар.

«Баткен» бажысынын кызматкерлери баасы 3 млн. 878 миң сомдук спорттук кийимдерди мыйзамсыз ташып келаткан Кыргызстандын жаранын кармады.

Мамлекеттик бажы кызматы тараткан маалымат боюнча, бажычылар «Мерседес-Бенц спринтер» автоунаасын текшерген учурда айдоочу ташылып келаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир да документ көрсөтө алган эмес.

Ал эми 14-февралда ыкчам бажынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген баасы 2 млн. 754 миң сомдук кеңсе техникасын табышкан. Андан ACER маркасындагы 90, «Lenovo» үлгүсүндөгү сегиз, HP маркасындагы 20 ноутбук чыккан.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүп берилди. (BTo)

XS
SM
MD
LG