Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:25

Орус авиациясына таянган Асаддын жоокерлери Алеппого жакын шаарды ээлешти


Сирияда Башар Асаддын режими көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары өкмөттүк күчтөр Алеппонун айланасындагы провинциянын көп бөлүгүн өзүнө каратканын жарыялашты. «Reuters» маалымат агенттигинин кабарына караганда ал аймактарда дагы эле куралдуу оппозициянын очоктору сакталып турат.

«Reuters» орус авиациясынын колдоосуна таянган Асад Алеппо провинциясынын көп бөлүгүн өзүнө каратып, ири жеңишке жетишкенин жазды.

Жекшемби күнү Орусия Сириянын Анадан шаары баш болгон бир нече калктуу конуштарына авиация менен чабуул койгон. Авиа чабуулдан кийин Башар Асаддын Иран колдогон жарым-жартылай аскерлештирилген куралдуу күчтөрү Алеппо провинциясын каптап киргенин жергиликтүү укук коргоочулар билдиришти. (YI)

XS
SM
MD
LG