Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Ош шаарында бир үйгө 1300 киши катталган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 17-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жабык өткөн жыйынында айтканын БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди. Бирок үйдүн ээси, үйдүн дареги – жеке маалымат деп эсептелгендиктен алар кайсы дарекке катталганы ачык айтылган жок.

Бул маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынан да ырасташты. Мекеме мыйзамда чектөө жок экенин, үйдүн ээси макулдук берсе жарандар каалаган жерине каттоого тура аларын кабарлады.

2020-жылдын 1-январынан 11-февралына чейин шайлоо өтө турган шаарларга аймактардан келип каттоого турган жарандар көбөйгөн.

Тилек Батырканов 13-февралда парламент жыйынында билдиргендей, Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турду.

Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыккан. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да буга тынчсыздануусун билдиришүүдө.

Бул окуя Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Добуш сатып алуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG