Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Эмирбек Кимсановдун кайрылуусу боюнча тергөө иштери башталды


Эмирбек Кимсанов.
Эмирбек Кимсанов.

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсановдун 15-февралда "Фейсбук" аркылуу президентке кайрылуусу Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев "Азаттыкка" билдирди. Райондук милиция жабырлануучунун үйүнө барып, кароо жүргүзгөндө ал жерде Кимсановдун туугандары убактылуу жашап жатканы, үй ээлери чет өлкөгө чыгып кеткендиги аныкталган.

17-февраль күнү топтолгон материалдардын негизинде кайрылуу Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Аширбаевдин айтуусунда, жабырлануучулар адвокаты Назгүл Сүйүнбаева аркылуу тергөөгө тийиштүү суроолорго жооп беришерин билдиришкен. Ал эми Кимсановдун өзүн жана үй-бүлөсүн коркуткан белгисиз жарандарды жана милиция кызматкерлерин тактоо боюнча атайын тапшырма берилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эмирбек Кимсанов “Фейсбукка” жарыяланган кайрылуусунда агасы Эмилбек Кимсанов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун басымынан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан. Эмирбек Кимсановдун белгилешинче, агасы коррупциялык иштерге катышуудан баш тартканы үчүн кысымга, үй-бүлөсү коркутууга кабылып, учурда ар кайсы жерде жашынууга аргасыз.

Эмилбек Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынан 2018-жылы кеткен.


Райымбек Матраимов бул кайрылууга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов иниси Кимсанов жумуштан кетерден бир жыл мурда кызматын тапшырганын жана президентке жасалган кайрылууну кайсы бир күчтөр аларды каралоо иретинде атайын уюштуруп жаткан болушу мүмкүн экенин билдирди.

Президенттик аппарат кайрылууга азырынча жооп кайтара элек.(ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG