Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Орусияда коронавирус курмандыгын туураган жаран кармалды


Ухань шаарындагы оорукана. 5-февраль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ухань шаарындагы оорукана. 5-февраль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Москвадагы метродо коронавирус илдетине кабылган адамды туураган Тажикстандын жараны Кароматулло Джаборов бейбаштыкка айыпталып кармалды. Бирок ага тагылган айып оорлоштурулуп, топ адамдар менен бирге атайын даярданып, бейбаштык кылган деген берене боюнча айып тагылууда. Бул берене боюнча кармалган адам 7 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Джаборов 2-февралда жүзүнө беткап кийип, ондогон адамдардын көзүнчө коронавирус талмасына кабылган адамдай болуп полго жыгылып, жер чапкылап баштаган. Анын шериктери өздөрүн алдастап калгандай көрсөтүшкөн.

Аларды көрүп, вагондон качып чыгып бараткан жүргүнчүлөрдү видеого тартып, социалдык тармактарда таратышкан.

Айыпталуучулардын адвокаты «жаштар коронавирустан коргонуунун маанилүүлүгүн тамаша аркылуу көрсөтүүнү каалаган. Тамаша үчүн түрмөгө камоо туура эмес» -деп белгилөөдө.

Коронавирус илдети 2019-жылдын декабрь айында Кытайдан баштап тарады. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму дүйнөгө өзгөчө кырдаал жарыялады. Кытайдын расмий маалыматы боюнча бул илдет 70 миң кишиге жукту. 1700дөн ашык адам каза болду.(YI)

XS
SM
MD
LG