Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:06

«Садыр Жапаровго боштондук» кыймылы штабына тыңшоо коюлганын айтууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган кыймылдын мүчөсү Медет Букуев билдирди. Анын айтымында, тыңшоочу аппарат кыймылдын Бишкектеги башкы штабынын шыбына коюлганын 17-февралда штабдын мүчөлөрү аныкташкан.

«Биздин катарыбызда мурда коопсуздук кызматында иштегендер бар. Алар шыр эле «бул тыңшоочу жабдык, аны адистер койгону көрүнүп турат» деп айтышты. Биз дароо кеңсенин ээсин жана жергиликтүү милиция кызматкерлерин чакырдык. Алар да тыңшоочу аппарат экенин ырасташты», - деди ал.

Штаб мүчөлөрү тыңшоочу жабдыктарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет орноткон болуу керек деп шек санашууда.

Бул боюнча УКМК азырынча комментарий бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG