Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

Бокоев: «Республика» партиясы шайлоого катышары азырынча белгисиз


Өмүрбек Бабанов Орусиядан кайтып келген учуру. 9-август, 2019-жыл.
Өмүрбек Бабанов Орусиядан кайтып келген учуру. 9-август, 2019-жыл.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бокоев «Азаттыктын» «Эки бир» көрсөтүүсүндө суроолорго жооп берип жатып билдирди. Бокоев Өмүрбек Бабанов саясаттан жана партиянын лидерлигинен кеткенин дагы бир жолу белгилеп, партияны каржылоого да катышпай калганын белгиледи.

«Ушундан улам биз «шайлоого катышабыз» деп так айта албай турабыз. Себеби айрым партиялар курултайын өткөрүп, саясий өнөктүгүн баштап коюшту. Биз бир аз такалып турабыз. Биздин жаңы лидерибиз жаш, азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 120 талапкерди тандап чыгыш өтө кыйын».

«Республика» жергиликтүү кеңештерден Каракол шаардык кеңешине шайлоого катышат. Ал эми «Балыкчы сүйлөшүлүп жатат, Ошко быйыл жетишпей калдык», - деди Бокоев.

«Республика» партиясы азыркы парламентке «Ата Журт» партиясы менен биригип келген.

Партиянын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо утулган соң, өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк ал саясаттан кеткенин жарыялап, былтыр 24-декабрдагы курултайда партиянын лидерлигин да Мирлан Жээнчороевге өткөрүп берген.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 12-апрелде, парламенттик шайлоо күз айларында өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG