Президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдары ишинин көрсөткүчтөрүн жакшыртыш үчүн ишкерлерге кысым көрсөтпөшү керек экенин эскертти. Бул тууралуу мамлекет башчы 17-февралда күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кабыл алганда айтты.
Жээнбеков укук коргоо органдары бирдиктүү депозиттик эсепке акча которууну өз ара жарышкансып, статистикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртыш үчүн ишкерлердин укуктарын бузуп жатканы боюнча арыздар түшкөнүн мисал келтирди.
Коопсуздук кеңешинин катчысына жемкорлуктан түшкөн каражат түздөн-түз республикалык бюджетке түшүшүн шарттаган механизмди иштеп чыгуу тапшырылды.
Буга чейин Жогорку Кеңеште депутаттар күч түзүмдөрү коррупциялык иштерден түшкөн эсепке акча которуш үчүн ич ара жарышып жатышканын, анын айынан ишкерлерди текшерүү күчөгөнүн бир нече жолу айтышкан.
Депозиттик эсеп 2018-жылдын июлунда Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.
Коррупциядан тарткан зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 2019-жылдын 20-ноябрына карата 1 млрд. 909,7 млн. сом түшкөн. (BTo)