Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Бишкекте хоккей боюнча IV дивизиондо дүйнө чемпионаты өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте хоккей боюнча IV дивизиондо дүйнө чемпионаты өтөт. Мелдеш 3-5-март күндөрү Бишкектеги шаардык муз аянтында өтөрүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

«Кыргызстанда биринчи жолу шайба менен ойной турган хоккей боюнча дүйнө биринчилиги өткөнү турат. Бул мелдеш биздин календардык планга кирген. Федерация менен бирге даярдык иштери жүрүп жатат. Келе турган кошуундарды тосуп алуу, командаларды жатаканадан муз аянтына, андан жатаканага ташуу, муз аянтынын ижара акысы, мелдештин ачылыш жана жабылуу аземи, мелдешке ыктыярчыларды камсыз кылуу сыяктуу чыгымдарды дирекция камсыз кылат. Бизге тиешелүү тапшырмаларды толугу менен аткарабыз», – деди Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Жоомарт Шамканов.

Шайба менен ойноло турган хоккей боюнча IV дивизиондо дүйнө чемпионатында Малайзиянын, Кувейттин, Филиппиндин жана Кыргызстандын курама командалары күч сынашат. Командалар ич ара ойноп чыккандан кийин топтолгон упайлардын жыйынтыгы менен биринчи орунду камсыз кылган команда дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда ойноого мүмкүнчүлүк алат. (GT)

XS
SM
MD
LG