Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкө аймагына коронавирустун келишинин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын 18-февралда өткөн жыйынында айтты.
Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата вирус жуккандардын арасында кыргызстандыктар жок.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев изилдөөлөрдү өткөрүш үчүн Улуттук вирусологиялык лаборатория даярдалып, ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөнүн билдирди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, адамдарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 413 орун даярдаган. «Торугарт» өткөрүү пунктунда 100, «Эркечтамда» 100, «Манас» эл аралык аэропортунда 183, Ош шаарындагы аэропортто 30 керебет камдалган. (BTo)