Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Өзбекстандын калкынын саны 34 миллионго жетти


Ташкент. 1-сентябрь, 2016-жыл.
Ташкент. 1-сентябрь, 2016-жыл.

Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин басма сөз катчысы Усман Абдрасулов өзүнүн «Telegram» каналы аркылуу жарыялады. Анын сөзү боюнча Өзбекстандагы калктын так саны 18-февралга карата 34 002 410 адамга жетти.

2020-жылдын 1-январында өзбекстандыктардын саны 33 905 799 адам болгон.

Басма сөз катчы жарыялаган маалыматтарга караганда өлкөдө 17 093 012 эркек жана 16 909 398 аял бар. 2020-жылдын башынан бери 126 768 ымыркай төрөлгөн. 29 051 адам көз жумган. Жыйынтыгында өзбекстандыктар жаңы жылдын 1,5 айында 97 миң адамга көбөйгөн. Жаңы жылдан бери өлкөдөн чыккандардын саны 24 608 адам болсо, өлкөгө киргендердин саны 23 502 киши болгон.

Кыргызстанда болсо жалпы эл каттоо 2020-жылдын жай айында өткөрүлгөнү турат. Кыргызстанда 6 миллионунчу ымыркай 2015-жылы төрөлгөн. (YI)

XS
SM
MD
LG