Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Аба ырайы: Туман каптап, жол тайгак болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 19-февралда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт.

Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;

Бийик тоолуу райондордо -22…-27, күндүз -6…-11 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -5…-7°, күндүзгү жогорку температурасы 2…4 градус болот.

XS
SM
MD
LG