Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Балбан Азат Салидинов Азия чемпионатында күмүш медаль алды


Азат Салидинов (көк кийимчен) менен индиялык балбан Кумар Сулих (кызыл кийимчен) финалдык беттеш учурунда. Индия, Нью-Дели шаары. 18-февраль, 2020-жыл.
Азат Салидинов (көк кийимчен) менен индиялык балбан Кумар Сулих (кызыл кийимчен) финалдык беттеш учурунда. Индия, Нью-Дели шаары. 18-февраль, 2020-жыл.

Кыргызстандык балбан Азат Салидинов спорттук күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын күмүш медалын утту. Ал финалда индиялык балбан Кумар Сулих менен күч сынашып, 5:0 эсебинде жеңилип калды. Алтын байгени индиялык балбан алса, күмүш медаль Азат Салидиновго тийди. Азия чемпионаты ушу тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Салидинов бүгүн, 18-февралда грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан.

Азат мелдешти 1/8 финалдан баштап, алгач тажикстандык Шухрод Абдулхаевди 4:2, чейрек финалда ирактык Аббас Шаалан Абдулхакимди 9:0 упай менен женди.

Жарым финалдык беттеште Азат ирандык балбан Бехрус Мохаммадали менен күч сышанып, 7:0 эсебинде жеңилип жаткан. Беттештин бүтөрүнө 6 секунд калганда ирандык балбан жаракат алып, Азат Салидинов жеңүүчү деп табылды жана финалда күрөшмөй болду.

Азат Салидиновдон 77 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Риант Ильяс уулу Азия чемпионатынын коло медалын тагынды. Ал коло байге үчүн болгон беттеште өзбек балбаны Бекзод Умаровду 5:0 менен утуп алды.

Оор салмакта күрөшкөн Роман Ким (130 кг) да Азия чемпионатынын коло байгесине ээ болду. Ал коло байге үчүн беттеште индиялык Синг Мехарды 3:2 эсебинде жеңди.

Азия чемпионатынын биринчи күнүндө беш кыргызстандык балбан килемге чыкты. Жеңил салмакта күрөшкөн балбандар Тынар Шаршенбеков (63 кг) менен Сардарбек Конушбаев (55 кг) алгачкы кармаштарында жеңилип, мелдештен четтеди. (GT)

XS
SM
MD
LG