Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:04

Шинжаңдагы лагерлер тууралуу документ ачыкка чыкты


Артуштагы лагерь. 3-декабрь, 2018-жыл.
Артуштагы лагерь. 3-декабрь, 2018-жыл.

Эл аралык медиа компаниялардын колуна тийген документ кытай бийлиги Шинжаңдагы мусулман коомчулугунун өкүлдөрүн кандай негиз менен лагерлерге жөнөткөнүн ачыкка чыгарды. BBC корпорациясы менен «Associated Press» маалымат агенттиги жарыялаган бул документте Шинжаңдын Каракаш округунун 311 тургунунун жана алардын 2000дей тууган-туушканынын таржымалы жазылган.

Маселен, документте 65 жаштагы Юсуф аттуу адам «эки кызы жоолук салынып, паранжы кийген», уулу «саясий исламга ыктаган» деген негиз менен лагерде «туруктуу машыгууга» жөнөтүлгөн. Дагы бир кишинин беш жылга эркинен ажыратылышына «коюу сакал койгону жана диний таалим берген топ түзгөнү» себеп болгон. Анын коңшусу «чет өлкөдөгү адамдар менен Интернет аркылуу байланышкан» деген жүйө менен 15 жылга камалган. Тизмеде белгисиз интернет-баракчаны кокусунан ачып алганы үчүн лагерге жөнөтүлгөндөрү да бар.

Вашингтондогу «Коммунизмдин курмандыктарынын мемориалы» аттуу фонддун эксперттери Кытайдан чыгып, чет өлкөдөгү уйгурлардын колуна тийген бул документте жазылгандар чын экенин билдиришти.

Кытай бийлиги Шинжаңдын уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу жүз миңдеген тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, саясий лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

XS
SM
MD
LG