Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-июль, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 12:27

1-класска балдарды электрондук каттоо Бишкек баштаган алты шаарда жүргүзүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.

2020-2021-окуу жылы үчүн балдарды 1-класска кабыл алуу боюнча электрондук каттоо долбоору ушул тапта Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында иштеп жатат. Балдарды каттоо же «электрондук кезек» долбоорунун 1-айлампасы 15-февралдан тартып аталган шаарларда жана Бишкекте жүргүзүлүүдө.

19-февраль күнү Билим берүү жана илим министрлиги электрондук каттоо системасы жана былтыркыга салыштырмалуу киргизилген айрым өзгөртүүлөр боюнча маалымат бермекчи.

Министрлик электрондук каттоо системасы балдарды 1-класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат жана ата-энелер үчүн да ыңгайлуу деп эсептейт.

Мектепке электрондук каттоо боюнча пилоттук долбоор 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Натыйжада бул ыкма аркылуу борбор калаадагы мектептердин биринчи классына 19 126 окуучу кабыл алынган.

Кыргызстанда бир нече жылдан бери балдарды электрондук каттоо системасы менен бала бакчаларга жайгаштыруу долбоору да иштеп келе жатат. Айрым активисттер коррупция бул системаны да кыйгап өтүп жатканын айтып жүрүшөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG