Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:43

«Diamond Princess» лайнеринде карантинден өткөн алгачкы жүргүнчүлөр жээкке чыгарылды


«Diamond Princess» саякат кемеси

Лайнердин бортундагы эки жумалык карантинден соң алгачкы 500 киши Жапониянын Иокогама шаарындагы портко түшүрүлдү. ТАСС кабарлагандай, алардан коронавирус аныкталган эмес.

«Diamond Princess» саякат кемеси вирустун айынан 3-февралдан тартып Жапониянын жээгине келгенден бери карантинде турат. Карантин 19-февралда бүтөрү кабарланган. Соңку маалымат боюнча, кемеде баш-аягы 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 450дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталды.

«​World of Cruising»​ журналы бул кемеде вирусту жугузуп алгандардын арасында Кыргызстандын бир жараны бар экенин жазган. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты четке кагып, лайнердеги мекендеш менен 6-февралдан бери байланышта турганын, ал эсен-соо экенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG