Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

ЕККУ Донбасстагы кармашка тынчсыздануусун билдирди


Луганск облусундагы Золотое кыштагынын чети. 2-ноябрь, 2019-жыл.
Луганск облусундагы Золотое кыштагынын чети. 2-ноябрь, 2019-жыл.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) чыгыш Украинадагы кармаштардын күчөшүнө камтамасын билдирди. Уюмдун учурдагы төрагасы Эди Рама жана баш катчысы Томас Гремингер тараптар өткөн ноябрда өз күчтөрүн чыгарып кеткен тилкеде адам өмүрлөрү кыйылганын белгилеп, атышууну токтотуу жөнүндө декабрда сүйлөшүлгөн макулдашууну урматтоого, жаңжалды басаңдатууга багытталган жакшы кадамдарды улантууга чакырышты.

Алардын билдирүүсү 18-февралда жарыяланды.

Украина жана Орусия колдогон жикчилдер соңку кагылышуу үчүн бири-бирин айыпташууда.

Киевдин версиясына караганда, шейшембинин таңында Луганск облусундагы Золотое кыштагынын жанында каршы тараптын аскерлери армиянын позицияларын аткылай баштаган. Бир жоокер окко учту, төртөө жарадар болду.

Ал эми жикчилдер украиналык күчтөр алардын көзөмөлүндөгү аймактарга кирүүгө аракет кылганда аткылоого туш болушканын айтышууда. Жикчилдердин өкүлү төрт аскери өлгөнүн, дагы төртөө жарадар болгонун билдирди.

Украинанын чыгышында 2014-жылы тутанган куралдуу кагылышуу 13 миңден көп кишинин өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG