Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

Жээнбеков расмий сапар менен Венгрияга барат


Сооронбай Жээнбеков жана Петер Сийярто. 19-февраль, 2020-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Петер Сийярто. 19-февраль, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл апрель айында расмий сапар менен Венгрияга барат. Эки тараптуу кызматташтык маселелери 19-февралда Бишкекте Жээнбековдун Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолугушуусунда талкууланды.

Министр венгер тарап Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен мамилесин өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин билдирди. Ал Жээнбековдун сапары кызматташтыкты стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыгууга өбөлгө түзөрүн айтты.

Жээнбеков жолугушууда акыркы жылдары кыргыз-венгер мамилелеринин жигердүү өнүгүшү байкалып жатканын белгиледи.

Министр Петер Сийяртону Бишкекте Венгриянын 30дан ашуун ири компаниясынын өкүлү коштоп жүрөт.

Эки өлкө ортосунда дипломатиялык алака 1992-жылы түзүлгөн. 2018-жылдын сентябрында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга биринчи жолу расмий сапар менен келип кеткен. Кызматташуунун негизги багыттары – соода-сатык, билим берүү жана маданият. (RK)

XS
SM
MD
LG