Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:52

Крымдык журналист Семена жарым аралдан белгисиз убакытка кетти


Семена Киевдеги темир жол вокзалында. 19-февраль, 2020-жыл.
Семена Киевдеги темир жол вокзалында. 19-февраль, 2020-жыл.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматы менен кызматташкан крымдык журналист Микола Семена Симферополдогу абактан бошотулуп, Киевге барды. 2017-жылы ага жикчилдик боюнча айып коюлуп, эки жарым жылга шарттуу кесилген жана 3 жылга коомдук ишмердик жүргүзүшүнө тыюу салынган.

14-январда Крым соту Семенанын жаза мөөнөтүн кыскартуу жана соттолгондугун жоюу жөнүндө чечим чыгарган.

Журналист аннексияланган жарым аралдан белгисиз убакытка кетип жатканын айтып, «Украинанын бир бөлүгү оккупацияланган кезде мен ал жерди өз мекеним деп эсептей албайм», деп белгиледи.

Баш калаада 69 жаштагы Семена адегенде дарыланмакчы.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жэйми Флай «Крымдын аннексиясын сындап жазган журналисттин 4 жыл мурун камалышы адамдын фундаменталдуу укуктарын жана эркиндиктерин бузганын» белгиледи.

Семена ал кылмыш ишин саясий деп сыпаттап келген. Анын эркиндикке чыгышын АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык медиа уюмдар талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG