Түркияда сот 2013-жылдагы нааразылык акцияларына катышкан 9 активистти актады. Айыпталгандардын бири гана – Осман Кавала өкүм чыккыча түрмөдө отурду. Бирок аны актаган өкүм чыгары менен дагы бир айып коюлуп кайра камакка алынды. Бул ирет ишкер 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине катышкан деп күнөөлөнүп жатат. Кавала 2017-жылы кармалган.
2013-жылы Стамбулдагы Гези паркына имараттарды тургузуу долбооруна каршы акциялар, жүрүштөр тынбай өткөрүлүп келген. Экологиялык кыймыл саясий ураандар менен коштолгон. Нааразылык акцияларындагы тирештерде 8 демонстрант жана полициянын бир кызматкери каза болуп, миңдеген киши жабыркаган.
Соттун активисттерди актаган чечим чыгарганы көп адамдарды таң калтырды. Эл аралык укук коргоочу уюмдар Каваланын бошотулушун талап кылып келишкен. Былтыр декабрда Адам укуктары боюнча Европа соту Анкараны ишкерди коё берүүгө милдеттендиргени менен ал абакта калып жатты.
Кавалага мамлекетке каршы кутум аракети деген күнөө коюлган. Ал өзү полиция менен тирешкен жаш активисттерге жардам бериш үчүн Гези паркына респиратор, тамак-аш алып барганын айтып, өзүнө коюлган айыптарды «акылга сыйбаган иш» деп атап келди.
Ал эми 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда масштабдуу куугунтук башталып, миңдеген кишилер камалган.