Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 16:31

Футбол: «Нефтчи» командасы «Хужандды» 1:0 эсебинде утту


«Нефтчи» командасынын оюнчулары таймаш учурунда. 19-февраль, 2020-жыл.

Азия футбол конфедерациясынын кубогунун оюндарынын алкагында «Нефтчи» командасы 19-февралда Тажикстандын «Хужанд» футбол командасы менен таймашып, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Оюндун 51- мүнөтүндө дарбазага голду Александр Игнатенко киргизди. Футболдук таймаш Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда өтүп, аны көрүүгө 1100дөн ашык көрүүчү келди. 26-февралда эки команда Дүйшөмбү шаарында кайрадан оюн талаасына чыгышат.

5-февралда Түркмөнстандын «Ахал» командасы «Нефтчи» менен болгон мелдешке Кытайда чыккан коронавирус коркунучуна байланыштуу келбей койгон. АФК аталган клубду турнирден четтетип, «Нефтчи» автоматтык түрдө плей-оффко чыккан болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG