Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Кыргызстан Кытайга гумжардам жөнөттү


Гуманитардык жүктүн жалпы салмагы жети тонна. 19 02 2020
Гуманитардык жүктүн жалпы салмагы жети тонна. 19 02 2020

Кыргызстан коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу 19-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жүк кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалды.

Жети тоннанын тегерегинде антисептикалык жана зыянсыздандыруучу каражаттар, медициналык бет каптар жүктөлгөн машина “Торугарт” көзөмөлдөө өткөрмө пунктуна чейин жеткирилип, Кытай тарапка өткөрүлүп берилди.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 25 өлкөдө катталган коронавирус 74 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2 миңдей адам каза болду, 14 миңден ашуун адам айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG