Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:00

АКШнын коргоо министринин орун басары Жон Руд кызматтан кетти


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп «Твитттердеги» баракчасына жазды. «Мен Жон Рудга биздин өлкөгө кылган кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгилик каалагым келет» деп жазды президент Трамп.

«Bloomberg News» ишенимдүү булактарына таянып, «Жон Руд кызматтан басым алдында кетти» деп жазды. Руд АКШнын коргоо министринин саясий маселелер боюнча орун басары болуп 2018-жылдын январынан бери иштеп келген.

Руд былтыр майда Конгресске Украинага 250 млн. доллар өлчөмүндө аскердик жардам берүү пландалганын билдирген. Ак үй президент Трамптын каалоосу менен бул жардам тууралуу чечимди токтоткон. Өткөн жылы 25-июлда Руд коргоо министри Марк Эсперге кат жазып, Украинага жардам берүүдөн баш тартпаш керек экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG