Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант берди


Жогорку Кеңеш. 20-февраль, 2020-жыл.
Жогорку Кеңеш. 20-февраль, 2020-жыл.

Жаңы вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев менен Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин 20-февралдагы жыйынында ант беришти.

Ант берүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, өкмөттүн толук курамы жана депутаттар катышты.

Экономика тармагын тейлеген мурдагы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кызматтан алынып, ордуна Эркин Асрандиев дайындалган.

Ал буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп турган.

Дагы бир мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетип, анын ордуна Акрам Мадумаров дайындалган.

Парламентте ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган Замирбек Аскаров да ант берди. (BTo)

 

XS
SM
MD
LG