Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Жээнбеков: Ант бузгандардын тагдыры кандай болгонун билесиңер


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматка киришип жатып эл алдында ант бергендерди жоопкерчилигин унутпоого чакырды.

20-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант берди. Жээнбеков депутаттардын жана өкмөттүн алдында сүйлөп жатып, ант бузгандардын тагдыры жакшы болбой турганын эскертти:

«Анттын өзгөчө мааниси бар. Бул абдан бийик нерсе. Ант - жөн эле трибунага чыгып, кагаздан окуп коюш эмес. Ант берген адам биринчи кезекте элдин, мыйзамдын, абийирдин алдында жоопкерчиликти алат. Антыңарды дайыма бекем сактагыла, көкүрөгүңөрдө бекем кармагыла. Өзү берген антын бузган адамдардын тагдыры кандай болгонун баарыңар билесиңер».

Президент кимдер тууралуу кеп кылып жатканын ачык айткан жок.

Кыргызстанда президент, өкмөт мүчөлөрү жана депутаттар ишке киришер алдында Жогорку Кеңеште Конституцияга колун коюп, мыйзам бузбоого, милдетин таза аткарууга ант берүүгө тийиш.

Өлкө эгемендик алгандан бери мурдагы президенттерден баштап ондогон жетекчилер түрдүү кылмыштарга шектүү болуп, айрымдарына өкүм чыккан.

Өз кезегинде алар өзүлөрүн саясий куугунтуктун курмандыгы деп эсептеп жүрүшөт. (RK)

XS
SM
MD
LG