Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Жээнбеков: Шайлоо босогосун 9% кылууга саясий күчтөр даяр эмес (видео)


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда партиялардын парламентке өтүшүнүн босого чегин 9% кылууга саясий күчтөр даяр эмес деп эсептейт. Мындай пикирин ал 20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди:

«Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес. 7 пайыз - бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол. 5 жана 3 пайызды айткандар «жаштарга мүмкүнчүлүк берели» деген, элдин кулагына жага турган жүйөлөрдү айтууда. Бирок чынында жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат».

Президент бул маселени Жогорку Кеңештин депутаттары чечерин белгиледи. Ал 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча уюштурган басма сөз жыйынында мурда «шайлоо босогосу 9 пайыз болсун» деген демилгесин мыйзам аркылуу өткөрүп алган саясатчылар эми ага каршы болуп жатканына таң калганын билдирген.

Шайлоо босогосун 7% чейин түшүрүү тууралуу жаңы мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна 7-февралда чыгарылган. Аны иштеп чыккан топтун курамында 21 депутат бар.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу 5% болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында 7% болуп өзгөртүлгөн.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG