Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Дагы бир көркөм тасманын сценарийине сынак жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанда толук метраждуу көркөм тасманын мыкты сценарийине сынак жарыялады.

Министрликтин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева «Азаттыкка» билдиргендей, сынакка Кыргызстандын жараны болгон кесипкөй киносценаристтер, кино ишмерлер, жазуучулар, журналисттер катыша алышат.

«Мекенчилдик жана мекенди сүйүү, үй-бүлөлүк салттарды сактоо жана бекемдөө, жаштар жана келечек муунду тарбиялоо, балдарды колдоо, айлана-чөйрөнү жана экологияны коргоо, туулган жерге аяр мамиле кылуу темалары боюнча пилоттук сынак жарыяланат», - деди ал.

Сунуштар 20-мартка чейин Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында кабыл алынат.

Пилоттук долбоор, уюштуруучулардын айтымында, фильмди тартууга сарпталган каражатты прокаттан кайтарып берүүгө, менчик финансы булактарын жана чет элдик инвесторлорду тартууга багытталган.

Аталган министрлик мурдараак Баткен окуясына арналган толук метраждуу көркөм тасма тартуу үчүн да мыкты сценарийге сынак жарыялаганын кабарлаган.

Адистердин айтымында, учурда кино жаатында жеке менчик студияларда да, мамлекеттик ишканаларда да көйгөйлөр арбын.

Кыргызстанда 2011-2012-жылдары ар бир жылда жүзгө чукул көркөм тасма тартылса, 2019-жылы он чакты тасма тартылган. (RK)

XS
SM
MD
LG