Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:30

Бишкекте абанын булганышына каршы кезектеги акция өттү


Экологиялык акция. 20-февраль, 2020-жыл.
Экологиялык акция. 20-февраль, 2020-жыл.

Бүгүн, 20-февралда Бишкекте абанын булганышына каршы кезектеги акция өттү. Президенттин жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттын алдында уюштурулган иш-чарага 20дай сүрөтчү катышып, экология темасына арналган сүрөттөрүн алып чыкты. Айрымдары көркөм өнөрдүн тили менен оюндарды уюштурушту. Атайын орнотулган тактага ар ким каалоосун жазды.

Акциянын катышуучусу, сүрөтчү Назгүл Куватбекованын айтымында, жарандык активисттер уюштурган мындай иш-чара дагы уланат.

«Декабрда биринчи акция өткөргөнбүз. Ошондон бери абдан көп талкуу болду. Бирок ошону менен токтоп калбай, «жай келе жатат, жылуулук берүү токтойт» деп унутуп калышпасын деп жатабыз. Отчет алып, көзөмөлдөп турабыз».

Экологдор соңку жылдары Кыргызстандын борборунда абанын булганышы тууралуу коңгуроо кагып келатышат. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.

2019-жылы 12-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өткөн. Чогулгандар бийликтен шаарды каптаган түтүн маселесине көңүл буруп, кескин чара көрүүнү талап кылышкан.

Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метеорология боюнча борбору (Кыргызстандарт) АКШ элчилигинде орнотулган абанын сапатын текшерүүчү мониторду (AQM) расмий каттаган. Элчилик орноткон «Airnow» жабдуусунун маалыматына ылайык, 2019-жылы ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы таза эмес шаарлардын бири деп табылган. (RK)

XS
SM
MD
LG