Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Орусиянын эки жаранынан коронавирус табылды


«Diamond Princess» саякат кемеси, Иокогама.
«Diamond Princess» саякат кемеси, Иокогама.

Жапониянын Иокогама портунда токтотулган саякат кемесиндеги жүргүнчүлөрдүн арасынан Орусиянын эки жаранына коронавирус жукту.

Бул тууралуу Орусиянын Жапониядагы элчилиги кабарлады. Жакынкы убакта алар ооруканага жеткирилет. Буга чейин ошол эле кемеде Орусиянын бир жаранына коронавирус жукканы кабарланган.

Саякат кемеде илдетке кабалып, эки жума мурун ооруканага жаткырылгандардын арасынан Жапониянын 80 жаштан өткөн эки жараны каза болду.

«Diamond Princess» деп аталган саякат кемеси 5-февралда теги гонкондук жүргүнчүдөн коронавирус табылганына байланыштуу карантинге алынган. Бортто 3700 адам бар болчу. Кеме карантинде турган эки жума ичинде андагы жүргүнчүлөрдүн 600үнөн коронавирус табылган.

Ал арада Кытайда илдетке жаңыдан кабылгандар кескин азая баштаганы кабарланды. Акыркы маалыматтар боюнча илдетке кабылгандар 394 адамга көбөйүп, жыйынтыгында жалпы саны 74 500 адамга жеткен. Каза болгондордун саны 2118 адамга жетсе, 16 миң адам айыккан. (YI)

XS
SM
MD
LG