Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Украина: Ухандан келгендерге каршы нааразылык акциялары


Кытайдан эвакуацияланган жарандарды салган автобустар Харьков аэропортунда. 20-февраль, 2020-жыл.
Кытайдан эвакуацияланган жарандарды салган автобустар Харьков аэропортунда. 20-февраль, 2020-жыл.

Полтава облусунун тургундары жергиликтүү эс алуу үйлөрүнүн бирине Кытайдын Ухань шаарынан эвакуацияланган жарандардын жайгаштырылышына нааразы. Новые Санжары аймагында эл жолду тосуп, чиркегичтери менен 20дай автоунааны токтотуп салды.

Жолду тазалаш үчүн аймакка аскердик техника киргизилип, полиция менен Улуттук гвардиянын күчтөрү тартылды. Нааразылык акциясына чыккандар менен укук коргоо органдары кагылышканы кабарланды.

Бийлик карантинге алынган жарандарды катуу кайтаруу менен алып келерин билдирди.

Львов облусунда чогулгандар аскердик ооруканага кеткен жолго машиненин дөңгөлөктөрүн жыйнап, жолду тосуп салышты. Тургундар аскердик ооруканага Ухандан келгендер жаткырылат деп чочулап жатышат. Мунун алдында ооруканадан бир нече бейтап чыгарылган. Оорукананын жетекчилиги Кытайдан келгендер кабыл алынбай турганын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский «муну менен биз өзүбүздүн жакшы жагыбызды көрсөткөн жокпуз» деп «Фейсбукка» жазды.

20-февралда Кытайдан эвакуацияланган жарандар түшкөн учак аба ырайына байланыштуу Киевдин аэропортуна коно албай, Харьковдун аэропортуна келип конду.

Украинага Кытайдан атайын учак менен 73 киши келди, алардын 45и украиндер жана 27си чет элдиктер. Бийликтин маалыматына караганда, аларда оорунун белгиси сезилбейт.

Ал арада Кытайда илдетке жаңыдан кабылгандар кескин азая баштаганы кабарланды. Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус жугузгандар 394 адамга көбөйүп, жалпысынан 74 500 адамга жеткен. Каза болгондордун саны 2118 адамга жетсе, 16 миң киши оорудан айыкты.

XS
SM
MD
LG