Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Казак бийлиги уруксат берилбеген митингге катышуунун жоопкерчилиги тууралуу эскертти


Астананын тургуну Асел Кали.
Астананын тургуну Асел Кали.

«22-февралда Казакстандын бир нече шаарларында нааразылык митингдери өтөт» деген имиштерди утурлай өлкөнүн Башкы прокуратурасы митингге чыгуунун жоопкерчилиги оор болорун эскертти.

Башкы прокурор Булат Дембаев социалдык тармактар аркылуу 22-февралда элди митингге чыгууга чакыргандарды «чагымчылар» деп атады. Ал эми мурунку министр жана банкир Мухтар Аблязов негиздеген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы экстремисттик уюм деп табылганын эскертти:

«Алдын-ала уруксат берилбеген коомдук иш-чарага катышкан ар бир адам кармалат. Башкы прокуратура жарандарды ар кандай чагымчыл чакырыктарга азгырылбоого, мыйзамдарды кынтыксыз сактоого жана мыйзамсыз иш-чараларга катышуудан баш тартууга чакырат».

Казакстандын Башкы прокуратурасы буга чейин да митингдер өтөр алдында ушул сыяктуу эскертүүлөрдү жарыялап келген.

Казак бийлиги нааразылык митинг өткөрүү үчүн уруксат алуу керек деген мыйзамдарды киргизген. Уруксатсыз митингдер мыйзамсыз деп табылып, анын катышуучулары дароо кармалып кетет. Казакстандагы бул көрүнүштү укук коргоочулар сындап келишет.

XS
SM
MD
LG