Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

УКМК: Алмазбек Атамбаевдин абалы туруктуу


Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылында журналисттерге маалымат берип жаткан учур. 27-июнь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылында журналисттерге маалымат берип жаткан учур. 27-июнь, 2019-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Атамбаевдин абалы туруктуу жана дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин маалымдоодо. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 20-февралда «Азаттыкка» билдирди.

Атамбаевдин саламаттыгы начарлап кеткени тууралуу 19-февралда анын адвокаты Замир Жоошев жана уулу Кадыр Атамбаев кабарлашкан. Уулу Кадыр Атамбаев «Фейсбуктагы» баракчасында атасынын кан басымы кескин төмөндөп кеткенин, дарыгерлер бул инсульт, инфаркт жана башка күтүүсүздүк натыйжаларга алып келиши ыктымал экенин айтып жатышканын жазган.

20-февралда Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери учурда УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент менен жолугуп, ден соолугун көрүп чыгышты. Кыйноого каршы улуттук борбордун маалыматына караганда, мурдагы президент кан басымы азайып, башы ооруп жатканына даттанган.

Алмазбек Атамбаевдин абалынан Акыйкатчы институту да кабар алууну көздөйт. Акыйкатчы Токон Мамытов жакынкы күндөрү анын аппаратынын кызматкерлери абакка кирүүгө даярдык көрүп жатышканын «Азаттыкка» билдирди:

«Балдар иштеп жатышат. Алар мага келип баяндама бергенде гана маалымат айта алам. Эртеден бери балдар ошол маселе боюнча иштеп жатышат».

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы үчүн жана башка бир катар беренелер менен айыпталууда. Ал былтыр 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүнөн атайын операциянын негизинде кармалып, камакка алынган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

20-февралда Бишкек шаардык соту Атамбаевди тергөө абагында калтырды. 15-январда Биринчи май райондук соту мурдагы президенттин камактагы мөөнөтүн 15-мартка чейин узарткан болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG