Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Кытайда коронавирустан өлгөндөрдүн саны бир суткада 118 адамга көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалпысынан коркунучтуу илдеттен 2236 адам набыт болду. 18 264 киши оорудан айыкканын Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы 21-февралда кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 2109 адам ооруканадан чыгарылды. Ушул эле аралыкта 889 адам вируска чалдыкканы аныкталды. Бардыгы болуп өлкөдө 75 400дөн ашуун адам коронавирусту жугузуп алган. Алардын ичинен 12 миңге жакыны оор абалда.

Кытайдан тышкары 30 өлкөдө вируска чалдыккандар аныкталган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG