Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Жалал-Абадда прокуратура баласын мектепке бербеген ата-энени сотко берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы 9 жаштагы баласын мектепке берүүдөн баш тарткан ата-энени сотко берди. Бул тууралуу шаардын прокурору Арсланбек Мурзаев укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин кезектеги отурумунда билдирди. Маалыматка ылайык шаарда «йакын инкарчы» деп эсептелген үй-бүлө 9 жаштагы баласын окутуудан баш тартып жатат. Шаар бийлиги менен казыят баланы мектепке тартууга аракет кылууга чакырганы менен атасы макул болгон эмес. Баланын атасы дааватка чыгып кеткен.

«Билим берүү жөнүндө мыйзамдын 27-беренесинде ата-энелер баланын окуусуна шарт түзүүгө милдеттүү экени көрсөтүлгөн. Бирок бул жоопкерчиликти алар эске алган эмес. Конституциянын талаптары жана жашы жете электер жөнүндө ченемдик-укуктук актылар бузулган. Ошондуктан ата-энени баласын мектепке берүүгө милдеттендириш үчүн сотко кайрылуудабыз. Анда да макулдук бербесе, анда мыйзам чегинде жоопко тартылат», - деди Мурзаев.

Шаарда 20-февралда өткөн жыйынга шаар тургундары катышты. Анда жашы жете элек балдардын ден соолугун кароо, билим алуу укуктарын колдоо, алардын катышуусундагы ар түрдүү кылмыштуулукту азайтуу жана профилактикалык иштерди күчөтүү маселеси каралды. (RsK)

XS
SM
MD
LG