Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Сирия: Орусия менен Түркия согуштук аракеттерге катышууда


Сириядагы түрк аскерлери. Алеппо шаары. 19-февраль, 2020-жыл.
Сириядагы түрк аскерлери. Алеппо шаары. 19-февраль, 2020-жыл.

Орус жана түрк аскерлери бейшембиде Сириянын Идлиб провинциясындагы согуштук аракеттерге катышты. Көтөрүлүшчүлөр Сириянын президенти Башар Асаддын армиясына тарттырып жиберген аймакты кайтарып алууга аракеттеништи.

Түрк артиллериясынын колдоосунда оппозициялык күчтөр Найраб конушуна чабуул коюшту. Орусиянын Коргоо министрлиги түрк аскерлерине орусиялык Су-24 учактары менен сокку урду. Билдирүүдө сириялык аскерлер бардык чабуулдардын мизин кайтарганы айтылат. Орусия Коргоо министрлиги Түркияны «террорчулардын» (Орусия Идлибде Асаддын армиясына каршы турган куралдуу оппозиция күчтөрүн террорчулар деп эсептейт) аракетин колдобоого үндөдү.

Түркия Коргоо министрлиги Идлибдеги авиасоккудан Түркиянын эки аскер кызматкери курман болуп, бешөө жарадар болгонун билдирди. Анкара аба чабуулу үчүн жоопкерчиликти сириялык өкмөттүк күчтөргө жүктөдү. Маалыматтарга караганда, мындан кийин түрк армиясы Асаддын армиясына артиллериялык сокку урган.

19-февралда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Асаддын күчтөрү артка чегинбесе, Идлибдеги алардын мизин кайтарууну көздөгөн аскердик операция «бир түндө» башталышы мүмкүн экенин эскерткен.

2018-жылдын сентябрь айында Түркия менен Орусиянын лидерлери Идлибди деэскалация аймагына айландырууну, бул провинцияда атышууну токтотууну макулдашкан. Бирок андан бери аймакта кармаш толук токтой элек.

XS
SM
MD
LG