Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 12:39

Өзбекстан Казакстанга кийим экспорттогон ири үчилтикке кирди


Алматыдагы "Кенжехан" базарында. Казакстан. Август, 2019-жыл.

Өзбекстан 2019-жылы Казакстанга 10 000 тонна кийим экспорттогон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Былтыр Казакстан чет өлкөлөрдөн 670 600 000 АКШ долларга ( 62 000 тоннадай) жеңил өнөр жай товарларын импорттогон.

Бул продукциялардын дээрлик жарымы (31 000 тонна) Кытайдан келет. Башкача айтканда кытайлыктар Казакстанга 181 800 000 долларга кийим саткан.

Экинчи орунда орусиялыктар турат. Алар Казакстанга 10,5 миң тонна кийим экспорттоп, 195 миллион доллар алышкан.

Үчүнчү орунга ушундай эле көлөмдө кийим жеткирүү менен Өзбекстан илинген. Бирок анын кирешеси 10 эсеге төмөн.

Казакстанга Түркия, Бангладеш, Беларус өлкөлөрү дагы жеңил өнөр жай продукцияларын экспорттойт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG