Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

Эне тилдин эл аралык күнү белгиленип жатат


«Нуска» китеп дүкөнү.
«Нуска» китеп дүкөнү.

Бүгүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Эне тилдин эл аралык күнү белгиленип жатат. ЮНЕСКО 21-февралды Эне тил күнү катары 1999-жылы бекитип, 2000-жылдан тартып жыл сайын маданиятты жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгилеп келе жатат.

Окумуштуулардын айтымында жер жүзүндө учурда 7 миңден ашуун тил бар. Алардын ичинен БУУ тааныган 194 эл гана өз мамлекетине ээ. Кыргызстан да ошондой мамлекеттердин катарында.

Бирок дүйнө элинин үчтөн эки бөлүгү 40тан эле ашык тилде сүйлөйт. Булардын ичинен эң көп колдонулгандар - кытай, англис, араб, испан, орус, португал, француз жана хинди. Окумуштуулар дүйнөдө 14 күн сайын бирден тил жоголуп кетип жатканын белгилешет. Учурда 400дөн ашуун тил жоголуп кетүү коркунучунда турат. (ZA)

XS
SM
MD
LG