Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Акыйкатчы: Атамбаев абак шартына даттанган жок


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Акыйкатчынын өкүлдөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 21-февралда билдирди.

«Атамбаев абак шартына даттанган жок. Ден соолугу тууралуу ал кийинки убакта кан басымы төмөндөп кеткен учурлар көп болуп, ошондуктан медицина кызматкерлерине кайрылууга мажбур экенин айтты. Мындан башка да маселелер айтылды, акыйкатчынын аппараты ал боюнча иш жүргүзөт» деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар башка беренелер менен айыпталууда. 2019-жылдын 8-августунда кармалган мурдагы президент УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.

Быйыл январда Биринчи май райондук соту Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн эки айга, 15-мартка чейин узарткан.

20-февралда Бишкек шаардык соту райондук соттун бул чечимин чечимин күчүндө калтырды. (RK)

XS
SM
MD
LG